Биздин катарыбызга активдүү жана максатка умтулган студенттерди издейбиз! Эгерде сиз баарлашканды билсеңиз, күжүрмөн болсоңуз жана Оптима Банктын бир бөлүгү болгуңуз келсе, бизге кошулуңуз!
Локация: Ош, Жалалабад, Токмок, Каракол, Кара-балта, Балыкчы, Чолпон-Ата, Талас, Нарын
Милдеттер:
- Банк карттарын эл көп чогулган жерлерде (соода борборлорунда, көчөлөрдө, парктарда жана башка коомдук жайларда) таратуу
- Кардарларга атайын сунуштар жана банктык карттардын артыкчылыктары жөнүндө маалымат берүү жана мобилдик банкингге кошулууга жардам берүү
- Карттарды чыгарууга арыздарды кароо, керектүү документтерди толтурууга көмөк көрсөтүү
- Жаңы кардарларды тартуу жана банктык кызматтарды жайылтуу
Талаптар:
- Мыкты баарлашуу жөндөмү.
- Активдүүлүк, жоопкерчилик жана натыйжага көңүл буруу.
- Финансы тармагында иштөөнү жана командада өнүгүүнү каалоо.
- Жарнамалык материалдарды сатуу же таратуу боюнча тажрыйбаныз болсо жакшы, бирок талап кылынбайт.